Menu

Бабанов Кулматовдун кейпин кийип, кыргыз жарандыгынан ажыратылабы?

Бөлүшүү:

Экс-бажы башчы Кубанычбек Кулматов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бүтүндөй бажы системасындагы схемаларды Атамбаевге буруп берип, анын сүймөнчүк баласына айланган. Ошондуктан Атамбаев парламенттин депутаттары “Кулматов Россиянын жараны болгондуктан Кыргызстандын мамлекеттик кызматында иштөөгө укугу жок, бул одоно мыйзам бузуу” деп Жогорку Кеңеште жарыялаганына карабай, аны калкалап, мыйзамды, парламентти уруп ойнобой, өз билгенин кылып келди. Мына эми бийлик алмашканда гана Кубанычбек Кулматовго коррупция жана Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы боюнча эки кылмыш иши ачылып, камакта жатат. Иликтөөнүн натыйжасында Кубанычбек Кулматов Россиянын жарандыгынан чыкпай туруп, Кыргызстандын жарандыгын албай туруп, жасалма документтер менен Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып алгандыгы далилденген. Биздин паспорт столдогуларга акча берсе кыргыз эмес, кытайларга, грузиндерге деле кыргыз паспортун жазып берип коюп жатышпайбы. Эми укук коргоо органдары сот аркылуу Кубанычбек Кулматовду кыргыз паспортун мыйзамсыз алгандыгы жана Россиянын жараны болгондугу үчүн абак жазасынан кутулгандан кийин Россияга депортация кылууну көздөшүүдө. Кулматов өзү жаран болгон өлкөсүнө барып, Кыргызстандын жарандыгын алгысы келсе Россиянын жарандыгынан чыгып, биздин расмий бийликтерге арыз менен кайрылыш керек. Ошондо гана кыргыз бийлиги анын суранычын мыйзам чегинде кароого тийиш болот.

Ушундай эле тагдыр бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабановду да күтүп турганын биздин жеке булактар кабарлады. Өзүңүздөр билгендей, Бабановго да эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” жана экинчи “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча. Канат Исаевдин абактан чыгарылып, анын агасы Талант Исаевдин КР ИИМ тармагындагы эң “майлуу-сүттүү” кызматка келгенине караганда Бабанов менен Канат Исаевдин биринчи “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” боюнча кылмыш иши жабылат окшоп калды. Бирок, эми Бабановго дагы бир кылмыш иши – кыргыз паспортун мыйзамсыз алуу боюнча козголушу күтүлүп жатат. Анткени экс-депутат Бактыбек Керимбеков бир учурда маалымат жыйын өткөрүп, Бабановдун Казакстандын жараны экендигин жана Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын документтери менен далилдеп, жар салган. УКМК ошол документтердин негизинде кылмыш ишин козгоп, Бабановдун кыргыз паспортун мыйзамсыз алганын, ал Казакстандын жараны экендигин далилдеп, сот аркылуу Бабанов колго түшсө жазасын алгандан кийин Казакстанга депортациялана тургандай жазага кириптер кылуу максатын көздөөдө. Ошондо Бабановдун мойнунда  да эки кылмыш иши илинип калат. Анан Мелис Мырзакматов сыяктуу Кыргызстанга келе албай тургандай болуп, бозгунда жүрө берет. Эгер келсе кармалып, сот  аркылуу жазасын алып, анан бошонгондо казак жараны катары Казакстанга депортацияланат. Биз айткандай Бабановго да Кулматовдун тагдыры камдалып жатат.

Ушундан улам бир окуялар эске түшөт. 2007-жылы Бакиевдик бийлик Бабановдун казак жараны экендиги боюнча кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту аркылуу кыргыз жарандыгынан чыгарып, жарга такап калганда Бабанов НТС телеканалын берип, Максим Бакиев менен тил табышып, экинчи инстанцияда ишти токтоткон эле. Анан Максим Бакиев Бабановду вице-премьерлик кызматка көтөргөн. Кийин 2011-жылы Ибрагим Жунусовдун “Соң-Көл” тойканасында өтүп жаткан 50 жылдык мааракесинде Бабанов менен ыраматылык Мелис Эшимканов кагыша кетип, анын натыйжасында Эшимканов гезиттерге интервью берип “2007-жылы Бабанов казак жарандыгы боюнча соттолуп кетерде мен ортого түшүп, Максим аркылуу кылмыш ишин жабууга жардам бердим эле” деп ачык айтып салган. 2007-жылы Эшимканов КТРдин гендиректору болуп иштечү. Ага жооп кылып Бабанов интервью берип “Мага анда Эшимканов эмес, Медет Чоканович Садыркулов жардам берип, куткарган” деп ал фактыны мойнуна алып койгон жайы бар.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: