АКШда чыккан «National interest» журналы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бийликти башка бирөөгө өткөрүп берүүгө даяр эмес экенин, ошентсе да өзүнөн кийинки президенттин тизгинин тартчу мыйзамдарды даярдап жатканын жазды. «Казакстанда саясий талаштын оту тутанса, АКШнын да башы оорусу башталат. Себеби Вашингтон Афганистанга кетчү жүктү бул өлкө аркылуу өткөрүп, АКШ казакстандык мунай секторуна миллиарддаган доллар инвестиция салууда», – деп жазат макаланын автору, АКШ Конгрессинин изилдөө кызматынын өкүлү Уил Макки. Анын оюнда, Казакстан эгемендикти алгандан бери стабилдүү жашап жатат. «Бирок бул «жумшак авторитардык режим» бүткөндө өлкөдөгү өзгөрүүлөр Өзбекстандагыдай болушу мүмкүнбү?» деп собол таштайт автор.
Назарбаев бийлигин кимге өткөрүп берери азырынча белгисиз. Үй-бүлөсүнөн бирөө мураскер болору да анык эмес. Ал бийлик алмашууну алдын алып, кош стратегияны ишке ашырууда. Маселен, аткаруучу бийликтин колундагы ыйгарым укуктарын азайтуу менен өлкө байларын мамлекетке инвестиция жасоого мажбурлап, саясий тең салмактуулукту сактап турат. «Өзбекстандагыдай президент өлгөндөн кийин өкмөт башчынын тактыга отуруусун Казакстанда элестетүү азырынча кыйын. Анткени Назарбаев өмүрүнүн аягына чейин эл башында туруп, учурда өзүнөн кийин бийликке келчү лидердин мүмкүнчүлүктөрүн азайта турган мыйзамдарды биринин артынан бирин кабыл алууда» дейт АКШ Конгрессинин өкүлү.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ