Menu

Кубатбек Боронов: “Гепарин, арбидол, эргоферон сыяктуу дары-дармектер сакталган кампалар табылды”

Бөлүшүү:

Учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттатуу, мыйзамсыз ташылып келген товарлар ж.б. боюнча Финполиция тарабынан 27 факты катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, медициналык каражаттардын баасын негизсиз кымбаттатуу фактысы боюнча 4 иш, мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ошондой эле, дары-дармектерди кампаларда катып алып, анын жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткан 2 кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

“Укук коргоо органдары левофлоксацин, инговерин, арбидол, эргоферон, цефтриаксон, кардиомагнил, тромбоз, гепарин, клексан ж.б. дары-дармектер катылып жаткан кампалар табылды” – деп билдирди премьер-министр.

“Аныкталган фактылар боюнча соттук териштирүү иштери козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат” – деп кошумчалады премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: