Menu

Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү, баш кошуу жана ажырашуу көбөйдү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү 2018-жылдын 9 ай ичинде  өткөн жылдын ушул эле убакытына салыштырмалуу балдардын  төрөлүүсу, никеге туруу жана ажырашуу фактылары көбөйгөндүгү тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы  16-өоктябрда билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде 98 миң жаңы төрөлгөн  бала катталган, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 37 миңге көп.

Мыйзамдык никеге тургандардын саны  16 миңден (2017) 30 миңге(2018) чейин өскөн, аны менен бирге ажырашуу көрсөткүчү да 5 миңден 7500ге көбөйгөн.

“Балага сүйүнчү” жөлөк  пулу иштеп баштаган соң аны алуу тууралуу 55 000 билдирүү катталган.

Жеке идентификациялык номурун ыйгаруу көрсөткүчү төмөндөп, 61 миңди түзгөн.  Салыштыруу үчүн: былтыркы жылы аны алуу үчүн  135 миң жаран кайрылган.

754 бала расмий түрдө асыралып алынган, былтыркы жылга салыштырмалуу 125 балага көп.

Биологиялык ата энесин табуу максатында тесттен өтүү көрсөткүчү 2017-жылы 13 миң 585 болсо, 2018-жылы көрсөткүч 16миң 634кө көбөйгөн.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: