Menu

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: Ипотекалык пайыздык үстөктү гана эмес, турак жайдын баасын дагы төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл

Бөлүшүү:

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчынын айтымында, Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотекалык насыялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча милдеттер коюлган.

«Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күнү «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады. Ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максаттарында Өкмөт тарабынан 2018-жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылган. Бирок муктаждарды турак жай менен камсыздоо үчүн каражаттар дагы эле жетишсиз. Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз»,- деди Өкмөт башчы.

Булак: Кyrgyztoday

  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: