Латвияда өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргыз спортчулары 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдирди.
10-15- октябрь күндөрү Латвиянын Даугавпилс шаарында өткөн мелдеште 50 мамлекеттен 400 спортчу катышкан. Кыргызстандан Токтосун Мурзаев, Нурлан Айдаров жана Мээрбек Рыскуловдор өлкө намысын коргошту. Мелдештин жыйынтыгында 85 килограммга чейинки салмактык бөлүктө Токтосун Мурзаев күмүш байгени тагынса, 73 килограмм салмакта Мээрбек Рыскулов коло медал, ал эми ардагерлер арасында Нурлан Айдаров 85 килограмм салмакта коло медалды багындырды.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ