Казакстанда мамлекеттик айыптоочу Атырау шаарындагы төрөтканада жаңы төрөлгөн ымыркайдын муздатуучу камерада өлүшү боюнча айыпталып жаткан дарыгерлерди 3 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады.
Окуя былтыр сентябрда болгон. Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Куаныш Нысанбаев, акушер-гинеколог Аскар Каиржан жана акушер-медайым Жамиля Кулбатырова “кутумга барып наристени өлтүрүүгө”, неонатолог дарыгерлер Руслан Нурмуханбетов менен Дарига Жумабаева “кылмыш тууралуу кабар бербөөгө” айыпталууда.
Прокурор Куаныш Нысанбаевди 20 жылга, Кулбатырова менен Каиржанды 17 жылга, Нурмуханбетов менен Жумабаеваны үч жылга кесүүнү сурады.
Жарыш сөз учурунда айыпталуучулар тагылган күнөөнү моюндарына алышкан жок. Акушер Кулбатырова ымыркай өлүү төрөлгөнүн, аны тастыктагандар бар экенин билдирди. Анын айтымында, сөөктү чүпөрөккө ороп, муздатуучу камерага салып коюшкан.
Сот келерки аптада өкүм чыгарат.
Тергөөнүн версиясы боюнча ымыркай тирүү болгонуна карабай, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлүү төрөлгөн делинип каттоого алынган. Бала кыймылдап, тирүү экени тууралуу белги бергенде, дарыгерлер документтерди кайра каттоого умтулушкан эмес. Коррупцияга каршы агенттик “ымыркайды муздаткычта калтыруу” жөнүндө буйрукту Атырау облустук төрөтканасынын ал кездеги башкы дарыгери Нысанбаев бергенин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ