Menu

Түркияда иштеген кыргыздар “бомжго” айланды

Бөлүшүү:

“Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган”,- деп илгери демократ акын Токтогул ырдагандай, эгемендүү мамлекет болгонубуз менен көпчүлүк кыргыздар көр турмуштун айынан мигрант болуп кетишти. Алардын көпчүлүгү Россия менен Казакстанда жана акыркы жылдары Түркияда да көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, бул боордош мамлекетте эки миңге жакын кыргызстандык студенттер жана жыйырма миңдин тегерегинде эмгек мигранттары бар. Түркияда кыргыздар негизинен бала, кемпир-чал багуу, байлардын үй кызматчысы сыяктуу жумуштарды акарышат. Бул эң оор, намысыңды тебелеген жана аз акы төлөнгөн жумуштар болгондуктан, кыргыздар гана иштешет. Бирок ал жакка баргандардын баардыгы эле максатына жетпестен, ар кандай кыйынчылыктарга да туш болушууда. Мисалы, ушул жумада жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине курорттук Анталия шаарына жайында иштөө үчүн барган 47 кыргызстандык акысын ала албай, көчөдө калгандыгы, “бомж” болгондугу тууралуу маалымат видеосу менен жарыяланды.

Аларды май-июнь айларында Бишкектеги “Фиеста Сервис” аттуу фирма алдын-ала келишим түзүп, жөнөткөн. Бул фирманын директору Канат деген экен. Тилекке каршы Анталияга барганда 60 даража ысыкка карабастан, баардыгын алты адамдан кондиционери, эч кандай шарты жок контейнерлерге жайгаштырган. Ушуга да кайыл болуп, жарым жыл иштегенден кийин эки айдын гана маянасы берилген. Отелдин жетекчилиги бул акчаны да мигранттар нааразычылык билдиришип, жумушту токтотобуз дегенден кийин берүүгө аргасыз болушкан. Отелдерде иштеген кыргызстандыктардын көпчүлүгү студенттер болгондуктан, алар жок дегенде самолеттун билетине жетерлик акча сурашканда, көчөгө кууп чыгарылган. Бир жуманын ичинде булардын баардыгынын визасы түгөнүп, депортация болуу алдында турушат. Баса, быйыл майда президент С.Жээнбеков Түркияга расмий иш сапар менен барганда ал жактагы кыргыздар ушундай көйгөйлөрдү, кимдир-бирөөлөр жаштарды жумушка жөнөтүп, алдап жаткандыгын айтышканда, мамлекет башчыбыз бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, текшертерин убада кылган эле. Бирок иш жүзүндө эч кандай иш жасалбагандыгы же алдамчы жумуш берүүчү фирмалар көзөмөлгө алынбагандыгын бул мисал далилдеп турат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: