Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Тишелүү буйрука президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмөн билдирди.
Айдарбеков Чыңгыз Азаматович 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.
2001-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;
2003-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;
2005-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-жылы – Кыргыз Республикасынын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
2012-2016-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;
2016-2018-жылдары – Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ