Menu

Дастан Бекешев, депутат: Жогорку Кеңештин депутаттарын кыскартып, 90го түшүрсө болот

Бөлүшүү:

– Дастан мырза, учурда «120 депутат көптүк кылат экен, азайтуу зарыл» деген сөздөр айтылууда. Эл өкүлдөрүнүн санынын азайышына кандай карайсыз?

– Кыргызстанда бир нече ирет Конституция өзгөрүүгө дуушар болду. 2007-жылкы өзгөрүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90 болгон. Ал эми 2010-жылы партиялык система кирип, 120 депутат парламентке келген. Андан берки практика көргөздү, чынында 120 депутат көп болот экен. Кыскартып, 90го түшүрсөк деле болот. Бирок, азыр эле кыскартып сала да албайбыз. Анткени, Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек болот. А бизде азыр Конституция өзгөртүлбөйт, 2020-жылга чейин мораторий киргизилген. Референдум аркылуу киргизсе болот. А бирок, референдумдун азыр бизге кереги барбы? 300 млн. сомду кайдан табабыз?

– КСДПда эки жаатка бөлүнүү болуп, ич ара ыйкы-тыйкы абалын коомчулук кеп кылууда…

-Чынында бизде проблема бар. Андай болбош керек эле. Атамбаевдин командасы, Жээнбековдун командасына бөлүнбөй, депутаттар мамлекетти, элди ойлоп иштесек жакшы болмок. Кесиптештериме ошону айтат элем. Андай кептердин эмнеден улам чыгып жатканы да белгилүү. Кожобек Рыспаевдин маселеси көтөрүлгөндө, өйдө-ылдый, туура эмес иштер болду. Фракция партиянын чечимин колдогон жок. Башкача айтканда, партия менен фракция башка-башка тараптар сыяктуу абал жаралды. Ачыгын айтыш керек, ушундай болду. Негизи мындай болбош керек. Депутаттар партиядан келебиз, демек, фракция менен партия бир юридикалык жак болуп саналат.

– Айрым депутаттарды партиядан же фракциядан чыгаруу маселеси эмнеден улам жаралууда?

– Айрымдары партиянын көз карашына, позициясына каршы кадам жасагандыгы үчүн. Рыспаевдин маселеси ошондой болду. Бирок, ал фракцияда эле калды. Бирок, кээде коомчулук деле «тигини чыгарат экен, муну менен келишпестик болуп жатыптыр» деген ушактарды деле чыгара беришет. Азыр фракцияда абал туруктуу. Эч кандай дүрбөлөң жок. Ынтымак менен эле иштеп жатабыз.

– Депутат Акылбек Жапаров Атамбаевдин эң көп карыз алган президент болгонун, өлкөнү карызга батырган ошол киши экенин айтып чыкты. Буга пикириңиз кандай?

– Карыздарды Атамбаев өзүн-өзү билип, жалгыз өзү чечим чыгарып ала берген эмес да. Ал киши президент катары парламентке сунуш кылган, депутаттар колдогонбуз. «Атамбаев карызга батырып кетти бизди» деген туура эмес, андай сөздөргө кошулбайм. Башка өлкөлөрдөн карыз же үстөгү менен акча алууга макулдук берген УЛЛ чакырылыштын депутаттары да күнөөлүү болобуз андай болсо. Экинчиден, карыздар керек болгон үчүн алынды. Жолдорду куруп, жонун бүтөө үчүн акча керек болду, энергетика тармагын өнүктүрүү зарылдыгы туулду. Акчабызды топтой албасак, каражат болгуча күтүп, аларды жасабай отура беребизби? Анда азыр жарыксыз отурмакпыз. Мен билем, 2012-жылы үйлөрдү, мекемелерди кой, парламентте отурумда отурганыбызда жарык өчүп калган. Азыр шүгүр дейли, тармактагы абал жасалып, жаңыланган үчүн жакшы. Анан ооба, көмүскө экономика көйгөйүбүз жок эмес. Алынган акчалар оңду-солдуда кетти. Айрымдар жоопко тартылып жатат.

– Кыргызстандын тышкы карызынын суммасы бешиктеги баладан тартып улгайгандарга чейинки ар бир жаранга 700 доллардан туура келет экен. Аны ким төлөшү керек?

– Мамлекет төлөйт. Карапайым калк эмнеге мойнуна карызды илип алып, төлөшү керек? Дүйнөлүк практика ушундай, мамлекет, өкмөт төлөйт.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: