Бүгүн,18-октябрда Жогорку Кеңештин жаллпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигин сынга алып, аталган ведомство иштебей жатканын билдирди эле. Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошканы алуудан баш тартканына байланыштуу ата мекендик дыйкандар эккен картошкасын 5 сомдон дагы сата албай, чыгымга учурап жатканын айткан эл өкүлүнө Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жооп берди.
Оз созундо министр мырза Өзбекстан жазгы картошкага гана чектоо киргизгенин, ал эми кузгу тушумду чектөөсү жок аларын билдирген. Ал ошондой эле картошканын бир килограммы 5 сом деген маалыматты четке кагып, фермерлерге кеңеш берди.
“Бишкекте картошканын дүң баасы 10 сом, ал эми чекене баасы 17 сомго жетет. Дыйкандар түшүмдү эч ким албай коет деп дүрбөлөңгө түшүп сатып салууга аракет кылып жатышат. Чындыгыннда өлкөдөгү картошканын баары сатылат. Учурда дыйкандарга “эгинди кармап тургула, кымбатыраак сатасыңар” деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди министр.
Ал ошондой эле Өзбекстан менен бааны көтөрүү маселеси сүйлөшүлүп жатканынын, жана келээрки жумада картошканын баасы өсөөрүн белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ