Menu

Кадыры бар, анан баркы кеткен – Сатыбалдиевдер

Бөлүшүү:

Жантөрөнүн ыргыткан сакасы дайыма айкүр тура бергенинин касиети эмнеде дегендердин азыр оозунан кеби ыргып турган кези. Алтымыштын кырына келгичекти таржымалына саресеп салсак эмгек китепчесинде орун калбагандай түр жаралат. Жол министри, облусттун губернатору, өкмөт башчынын орун басары, президенттик аппараттын башчысы, акырында премьер министрлик тактыда отурган бул кишинин убагында бактысы опол тоодой эле. Ошол мезгилди текке кетирбей очойгон байлыкты топтоп алганын камакка түшкөндөн кийин билдик. Уулдарынын ар бирине бештен ар кандай маркадагы унааларды, турак үйлөрдү, жерлерди, офистерди кайсы акчасына сатып берди экен? Албетте, мамлекеттин казынасынан уурдалган каражатка да? Тилекке каршы азыр ошол байлыктары көзүнө көрүнбөй турганы чын десек да болот. Атаңдын көрү эркиндик баарынан кымбат эмеспи!

Элмурзанын деле демине ысык май токоч бышкан убагы болгон. Айрыкча баш прокурор кезинде шарикти үйлөп асманга учурса деле анын мындай кереметине алакан чапкандар болгон десек азыр көбү ишенбейт. Коңур үнү менен обон созгондо коргошундай ээрип кеткендер кантип алдына төшөлүп калганын сезбей калышар эле. Негизи өзү да чыгармачыл асыл жандарга кол сунганды аябай жактырчу. Ошондон улам алыстан көзүнө турнабайын такап качан мага көңүл кушун учурар экен деп кусалангандар арбын сапка тизилгенин деле кыстара кетели. Эр жигиттин башына кээде түйшүктүү окуялар келишине өзү деле күмөн санабайт. Ошентсе да эркиндиктин авасынан кеңири дем алып, убактысын бошко кетирбөөгө шарт түзүлдү. Мындан аркы жашоосуна өтө сактык менен маани берерине көзүбүз жетип турат. Бир келген өмүрдү ким эле супсак өткөргүсү келсин? Демек, аракети зор болоруна ишенебиз.

Кыянбектин жашоо ыргагына үңүлсөк кыйла фактыларга көзүбүз түшөт. Кырктын кырынан ашкан жигиттин майда-чүйдө кызматтарына алаксыбай үлкөндөрүнө кайрылсак анча жаман эместей элес калтырат. Майлуу-Суу шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин депутаты, акырында Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна секирик жасаганы анын оңой эмес мырза экенинен кабар берет. Арийне, кызматта турган кезде досторго салыштырмалуу душмандар арбып кетээри белгилүү. Далай ирет анын жаза баскан жерлерине шибеге сайып жарууга алектенгендер деле болгонун неге танмак элек? Бирок, ансайын чыйралып, көшөкөрлөнүп каршылык кылбай иши аркылуу көрүнүүнү колго алган губернатордун аракетинен майнап чыгып келатканы байкалат. Акыйкатында бул тактыга сугун арткандар жок десек катуу жаңылышкан болобуз. Кезегин күтүп тургандар толтура, кайсыл күнү бийлигин тарттырып жиберет белгисиз…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: