Menu

Мирлан Исагалиев, “Кыргыз жол курулуш” компаниясынын мурдагы директору: “Чакыр Япы” компаниясынан биз сыяктуу жабыркагандар көп

Бөлүшүү:

—Мирлан Исагалиевич, бир учурда сиз жетектеген «Кыргыз жол курулуш» компаниясын түрктөрдүн «Чакыр Япы» компаниясы абдан чоң суммадагы каражатка алдап кетиптир. Азыр абалыңыздар бир топ эле оор окшойт…

—Кудай алдында акпыз. Түрктөр менен иштешип баштаганда үйгө чейин келип, алар менен чай ичиши, «Бир тууган элбиз» дегендеринен мындай жаман ойдон абдан алыс болгом. Негизи эле жаман ойдон алыс болуп ишенип иштегенбиз. Чынынында абалыбыз ушундай болуп эмне кылаарыбызды билбей олтурабыз. Азыр укук коргоо органдарына арыз жаздык. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биздин арыз жазганыбызга төрт айдан ашты. Таптакыр жылыш жок. Аргасыз акча сүйлөп жатабы деген ойго да баруудамын. «Чакыр Япы» бизди ушундай абалга таштайт экен деген оюм болбогондуктан, чынын айтайын өзүм да жаман абалга түшүп калдым. УКМКда иш эки ай таптакыр каралбай жатты. Эки айдан кийин депутаттар көңүл буруп коррупция бар экенин изилдей башташканда гана кыймылдап башташты. Эми мындан ары акыйкат чечип берип коюшса экен деп олтурам.

— «Жакшы ниет жарым ырыс» демекчи, жакшы ниет менен иштешүү башталган турбайбы?

—Ооба. «Бир тууган элбиз, ага-инибиз» деп жатышса аларды жаман оюн кайдан билдик? Азыр ойлоп көрсөм ал компаниянын баардык кадамы калп экен. Кайра-кайра келишим түзгөнү, бизди алдап иштеткени бүт жалган болуптур. Эми Кудай деле көрүп турат, органдар жакшы жагына чечип берээр. Көчөдөн эле чыга калып «бизге булар карыз болчу» деп айтып жаткан жерибиз жок. Коюлуп жаткан күнөөнүн баарын документтердин негизинде арыз жаздык. Аракет кылып мунун бетин ачпасак баары кыйын болуп калат. Себеби биздей болуп жабыркагандар көп. Биз алардан жабыркап, алдастап атсак жетекчилиги Стамбулга жатып алып ар кайсыны айтып жамандоо менен алек болуп жатат. Мага бул иш абдан катуу сокку болду. Абалыбыз банкроттук абалга келди. Карыздарыбызды туш тараптан сурап жатышат. Уялып калыштын ордуна түрк компаниясы бизди карыз болчу деп таасирдүү адамдарга чейин жалгандын баарын токуп кайрылуу жазып, журналисттер барса каратып туруп калп айтып конференция берүүдө. Мен дагы ал компанияга айтаарым бар. Келип бир кагаз көрсөтсүн мен канча карыз экенимди анан кайсы жерге ооба деп кол койгонумду факты түрүндө далилдеп берсин. Дароо макул болом. «Мирлан меценатмын деп мактанып саясый күчтөргө таянат» деп айтып кайрылуу жасаптыр. Мен эч жерге меценатмын деп айтпайм. Анткени менин жасаган иштеримдин баары чын жүрөктөн эл үчүн аткарылган. Ушул сөздөрү үчүн дагы устүнөн арыз жазып, аброюмду коргосомбу деп жатам. Мен аларга окшоп бирөөнү алдасам экен, же саясый кызматым болсо экен. Ооба элдин кыйналганын көрүп оорукана куруп бергеним чын. Кудай өмүр берсе дагы көп иштерди жасайм. Аны териштирип мени жаман атты кылгандардын ниети баары бир ишке ашпайт. Башкалар жамандаса дагы көңүл бурбайт элем. Ушул алдамчы түрктөр сиз мен биздин балдарыбыз төлөй турган кредитти абадан акча жасап алып кетишкени аз келгенсип кайра жамандаса жаман экен. Кудай бар, жазасын сөзсүз алышат деп ишенем.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: