“AnTuTu” аттуу беделдүү бенчмарк дүйнөдөгү эң мыкты смартфондордун рейтингин жарыялап, лидерликке “Snapdragon 845” процессорунун жогорку ылдамдыгына негизделген “Asus ROG Phone” оюн смартфону чыкты. Ал кубатты салкындатуу системасынын аркасында эң жогорку ылдамдыкты камсыз кылат.
Анын артына “Xiaomi Black Shark” турат. Ал дагы “Snapdragon 845” чибине ээ жана салкындатуу системасы менен жабдыкталган.
Үчилтикти “OnePlus 6” смартфону толуктайт. Анын “Snapdragon 845” процессору жана 6 же 8 ГБ оперативдүү эс тутумга ээ.
Андан ары “Vivo Nex S”, “Мi 8”, “Oppo Find X”, “Samsung Note 9” жана башкалар бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ