Бишкек шаарында кызмат өтөп жаткан аскер аны жаш кезинде таштап кеткен апасын издеп табуу үчүн аскердик бөлүктөн уруксаатсыз кетип калган. Ага ачылган кылмыш иш боюнча соттук отурум болуп, ал жазасын алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жогорку соттон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн №73809 аскер бөлүгүнүн 3-мотоаткычтар ротасынын 3-взводунун кенже сержанты Темир (ысымы өзгөртүлгөн) кызмат ордун таштап, өзүн билемдик менен кетип калган.
Соттук отурум учурунда Темир күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ал бул кадамга апасын издеп келүү максатында баргандыгын айткан. Темирдин ата-энеси ажырашып кетип, апасы үй бүлөсүн таштап Казакстанга кеткен. Көп убакыттан соң Темир апасынын кайда жашаарын билген, жана аны издеп, аскердик бөлүктүн уруксаатысыз кетип калган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту айыпкерди шарттык түрдө 2 жылга эркинен ажыратты.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ