Өлкө аймагында бир жумада 18 миң 169 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, бир жума аралыгында административдик жоопкерчиликке тартылгандардын ичинен жол белгилерин сактабагандыгы тууралуу 3 миң 490 протокол толтурулган. Ал эми 189 айдоочу унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн кармалса, айнектери караңгылатылган унааларды башкаргандыгы үчүн 35 айдоочу кармалып, жалпысынан 985 унаа айып аянтчасына киргизилди.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ