Экс-президент Алмазбек Атамбаевге мамлекет тарабынан бөлүнгөн жансакчыларынын саны кыскартылды. Бул тууралуу журналисттерге партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Басма сөз катчы эмне себептен кыскартуу болгондугун билбестигин айтты.
“Мамлекет тарабынан канча жансакчы бөлүнөөрүн так билбейм, мурда алардын саны көп болчу, бирок бүгүн азайып калганын байкадым”,- деди Жолдубаева.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгы экс-президенттин коопсуздугун сактайт. Айрым маалыматтарга караганда бүгүн алардын алтоо чакыртылып алынды.
Ал эми социалдык түйүндөрдө “экс-президент буга чейин 8 жансакчы менен менен жүрчү, азыр анын экөөсү гана калды. Алар нөөмөттөшүп экс-ажонун коопсуздугун камсыздашат”,- деген билдирүү тараган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ