Menu

Юристтер шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүүдөн кемчилик табышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча кемчилик табышкан. Бул тууралуу 4-декабрда документтин авторлорунун бири депутат Мирлан Жээнчороев айтты.

Анын айтымында, юристтер каржылоо булактары көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурушкан.

“Бирок бул мыйзам долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн бүджеттен эч кандай дотациянын кереги жок. Биз тийиштүү оңдоо киргизип, кайрадан юрбөлүмгө киргиздик. Бардык экспертизалардан өткөн соң, аны биз төрагага, андан соң профилдик комитетке сунуш кылабыз. Биринчи окуудан кийин парламенттик угуулар башталат. Ошондо бардык сунуштар талкууланат”, – деди Мирлан Жээнчороев. Ал эми тосмо күрөөнү төмөндөтүү үчүн демилгечилер 1 млн сомду сунуш кылышканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, шайлоо кампаниясы башталганга бир жыл калганга чейин шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө болбойт деген жобосу жокко чыгарылган.

“Ошондуктан 2020-жылдын күзүнө чейин чексиз өзгөртүү киргизе берсек болот. Жаңысы кабыл алынганда, мурунку өзгөрүүлөр дароо жокко чыгат. Биз шайлоо босогону төмөндөткөнгө аракет кылып жатабыз, 9 пайыз бойдон калса, шайлоо болбой калышы мүмкүн”, – деди дагы бир демилгечи депутат Исхак Масалиев.

9 пайыздык босого менен күрөөгө коюлчу сумма көптөгөн талаш-тартыштардын чордонунда болуп келет. Эксперттер бул пункттар туура эмес жана олигархтардын пайдасы үчүн экенин айтышкан. Жогорку Кеңеш жайкы каникулга кетердин алдында, аталган маселелер боюнча бир нече өзгөртүүлөрдү киргизген. Президент С.Жээнбеков ал вариантка кол койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: