Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттер жана дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралу 22-октябрда Бишкекте өткөн «Кыргызстандагы соттук-медициналык экспертизанын келечеги тууралуу диалог» деген форумда айтылды.
Маалыматка караганда, учурда 195 эксперт-дарыгердин орду бар. Бирок азыр бул тармакта 95 адис гана иштеп жатат. Өлкөдө соттук-медициналык иликтөө жүргүзгөн төрт гана лаборатория иштейт. Айрыкча Баткен жана Нарын облустарында соттук-медициналык эксперттер тартыш. Жыйында 48 өлүккананын 18и гана ооруканадан бөлөк имараттарда орун алганы, калганы бейтапканалардын ичинде жайгашып, анын айынан экспертиза киргүзүү кыйынчылыкка учурап жатканы айтылды.
Мындан тышкары соттук-психиатриялык талдоо жүргүзгөн адистер да жетишсиз экени белгилүү болду. Расмий маалыматка караганда, азыр реепубликада бул багытта тогуз гана дарыгер иштеп келет. Кыргызстанда жыл сайын 3 миңден ашуун соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүшү керек.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ