Бүгүн, 23-майда Башкы прокуратура уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун боштондукка чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын жарыялады. Анын тараткан маалыматына ылайык, ишти караган судья Жапар Эрматов 2013-жылдын 9-апрелинде №24 тергөө абагынын башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучунун өзгөчө оор кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген кримтөбөл Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу сунуштамасын мыйзамсыз караган. Анткени мындай сунуштаманы мекеменин ыйгарым укуктуу жетекчиси же ЖАМКтын төрагасы гана берүүгө укугу болгон. Судьяга мындан башка Азиз Батукаевдин оор дартка чалдыкканы боюнча материалдарды текшербестен, боштондукка чыгарып, анын Кыргызстандан чыгып кетишине өбөлгө түзгөн деген айып коюлууда. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Наргиза Куватова иштин калган жагдайлары тергөөнүн жүрүшүндө иликтене турганын кошумчалады: «Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата материалдар 335-берене («Көз көрүнөө сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылды. Муну менен судьянын өзүнүн иш-аракетине укуктук баа берилди. Эми тергөөнүн жүрүшүндө анын жагдайлары кандай болгону толук иликтенет».
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ