Кыргызстанда айрым өсүмдүктөрдүн үрөнү жарым-жартылай тартыш экенин Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Ал ошондой эле бүгүн өлкө аймагында 109 үрөн чарбасы бар экенин айтып, алар ар бир өсүмдүк боюнча жылына 20 миң тоннага чейин үрөн өндүрө турганын белгиледи. Бул жалпы муктаждыктын 30 пайызын гана жабат. Мындан тышкары жүгөрү, кара беде өңдүү үрөндөргө жогорку деңгээлдеги муктаждык бар экенин кошумчалады.
Андан сырткары, Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Кыргызстанда коңшу мамлекеттерде жок Кытай пахтасынын үрөнү бар экенин айтып, быйыл аны айдаган фермелер гектарынан 65-75 центнерден түшүм алганын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ