Кыргыз-казак чек арасынан Кызыл китепке кирген ителгини мыйзамсыз алып өтүп бараткан казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Чалдыбар” көзөмөл өткөрүүчү жайынан “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жаранды текшерүү учурунда бекитилген кутудан ителги табылган. Анын кушту алып жүрүүгө эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган жаран тиешелүү документтер толтурулган соң аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ