24-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда үрөн жөнүндөгү мыйзамды талкуулоодо депутат Руслан Казакбаев: “Чек арадан мыйзамсыз келип жаткан үрөндөрдү кимдер карайт? Контрабандалык жол менен канча үрөн келип жатат? Статистика барбы?” деген суроосуна айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, “андай текшерүү жок. Карантин менен фитосанитардык кызмат текшерип өткөрөт” деди. Депутаттын “кайдан, каяктан текшерип өткөрөт? Фитосанитардык кызматтын 2017-жылы контрабандалык жол менен алып келинген үрөндөрдүн статистикасын чыгарды беле? Же кайсы үрөндөр зыяндуу экен?” деген суроосу жоопсуз калды.
Анда “ишкерлер туура кылат. Азыр дыйкандар Америкадан, Кытайдан, Өзбекстандан, Казакстандан үрөн алып келип өздөрүнүн аракетин көрүп жатышат. Жыйынтыктап айтсам, ишкерлерге “Кыргызстанды бейиш кылабыз” дегенбиз. Дыйкандарга жардам берилиши керек.” – деди депутат, Руслан Казакбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ