Бүгүн, 24-октябрга караган түнү Бишкек—Ош унаа жолундагы Суусамыр жайлоосунда катталган жол кырсыгынан каза болгон жарандардын бири Таласта алтын чайкаган ишкананын өкүлү экендиги маалым болду.
Маалыматка караганда, кырсыктын каза болгон жаран алтын чайкаган ишкананын директорунун орун басары 38 жаштагы Н.Ш. жана анын тууганы Э.А. болгон. Алардын жансыз денеси Кара-Балта шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилген.
Эскерте кетсек, бүгүн 24-октябрга караган түнү Суусамыр жайлоосунда оор жүк ташуучу “Фура” унаасы менен “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү жол тандабас сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү ошол жерден каза болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ