Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 3 ай мурун сууга агып кеткен 79 жаштагы жаранды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда Барскоон айылынын 79 жаштагы тургуну С.Ч. Казы-Уя жайлоосуна мал айдап бара жатып Кара-Суу суусуна агып кеткен. 3-июлдан 20-июлга чейин жүргүзүлгөн издөө иштеринен жыйынтык чыкпаган соң туугандарынын макулдугу менен убактылуу токтотулган. 19-октябрда кайрадан издөө иш-чараларын улантуу максатында, ӨКМнын 10 куткаруучусу тартылып, бирок таба алышкан эмес. Натыйжада 23-октябрда саат 18:00дө издөө иштерин токтотулган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ