Menu

Сауд Арабия бийлиги Хашогги атайлап өлтүрүлгөнүн мойнуна алды

Бөлүшүү:

Жамал Хашогги

Сауд Арабияда мамлекеттик айыптоочу оппозициячыл журналист Жамал Хашогги атайлап өлтүрүлгөнүн билдирди.

Бейшембиде Саудиянын мамлекеттик телеканалы прокурордун сөзүнөн үзүндү жарыялаган. Ал Сауд Арабия менен Түркиянын биргелешкен иликтөө тобунун маалыматтарынын негизинде тергөөчүлөр Хашоггинин өлүмүнө шектүү кишилерди суракка алып жатканын айткан. Мамлекеттик телеканалда жарыяланган билдирүүдө “ Хашоггинин ишиндеги шектүүлөр атайлап кылмыш жасашканын түрк тарап берген маалыматтар тастыктаган”, деп айтылган.

Өткөн аптада Сауд Арабия бийлиги Хошогги Стамбулдагы консулдукта чыккан мушташтан улам өлгөнүн билдирген. Бул иш боюнча 18 кишиси кармалган. Мураскер ханзааданын беш кеңешчиси жумуштан бошотулган.

Бирок Хошогги кокустан өлгөн деген версияларга баары эле ынанган эмес. Түркия президенти Режеп Эрдогон журналист Жамал Хашогги атайлап өлтүрүлгөнүн жана ага алдын ала даярдык көрүлгөнүн билдирген.

Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман журналист Жамал Хашоггинин өлүмүн “көңүл иренжиткен кылмыш” деп атаган.

АКШ президенти Дональд Трамп болсо The Washington Post гезитине берген интерьвюсунда журналисттин өлүмүнө алып келген саудиялык атайын кызматтардын операциясы үчүн толугу менен мураскор ханзаада жооптуу экенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: