Menu

ЖКнын VI чакырылышынын тизмесин Атамбаев менен Илмиянов түзгөн, эмкиде парттизмени ким түзөт?

Бөлүшүү:

Азыркы күндө партиянын доораны сүрүп жатканы чын. Илибой кызматка кайсыл бир фракциянын мүчөлөрү келбесе болбосун турмушта көрүп жатабыз. Маселен, бош калган министрлик орундарга учурда тийешеси бар фракциялардын тың чыкмалары даярдалып жатат. Кимисинин ташы оор болсо ошол адам министр, же орун басар болуп калышы ыктымал. Ушундан улам партиянын амири өтө зор роль ойноору калетсиз десек болот.

Алтынчы чакырылыштын тизмесин Алмазбек Атамбаев менен Икрам Илмиянов түзгөн, керек болсо башка партиялардын тизмесине да булар кийлигишкен болчу деп алар кеткенден кийин айтып чыгып жатканына ишенсек болобу деген суроо жаралганы деле калп эмес. Эгерде келесоо болбогондо Икрамжан Илмиянов кезеги келгенде депутаттык мандатын алып, эл өкүлү болуп отурмак. Акыйкатында андан ыпластар деле азыр мантайып парламентте кайкалашып жүрүшпөйбү? Ким билет парламентте болгондо өңдү көрсө жүз тайчулар табылар беле деген кытыгылуу суроо жаралат. Жогорудагы кепке таянсак анда Камчыбек Ташиевди тизмеге 41-кылып койгон да Өмүрбек Бабанов эмес А. Атамбаев болуп калабы? Кызык…

Парламентте күчтүү, саны арбын фракция болбосо ажонун тиреги кубатсыз сыпатка кептелерин деле ойлоп тапкан эч ким жок. Муну учурдагы партиялык турмуш өзү тастыктап салды. КСДП бар экенинен улам мурдагы президент каалагандай өлкөнүн саясатына киришип, мурдун саясатка салгандарды кынына киргизбеди беле? Ошол зор күч азыр ким тараптын хорун аткарып жатканын сезүүгө начар соккон жүрөк деле күбө болуп турганы жалганбы? Көрсө бийлик кимдин колунда болсо баары тегиз ошого кулдук урарына мээбиз жетти го? Керек болсо оппозициядабыз деген фракциялардын лидер сөөрөйлөрү кошоматчылыктын туу чокусунда жүрүп калышканы кызылдай чындык эмеспи?

Ушундан улам бир ой башка чук этет. Кийинки парламенттик тизмени ошондо кайсыл кыйындар түзөт? Албетте азыркы президенттин көздөй болгон адамдарынан сырткары эч ким мурдун сала албайт. Кудуреттүү делген партияларды болсо алда качан камдап алышканы боюнча кептер агытылып жатканы бекерден эместир? Ал эми баары бир акырында “аутсайдер” болчу партиялардын тизмесин ошонун өзөгүндө тургандар чампалайт дегенге негиз бар. Кытыгылуу суроо бекен? Жөн жерден даңазалуу социал демократтар партиясын ыдыратууга аракет жасалган жоктур? Айтор, партиялык турмуштун аки-чүкүсүн чукулай берсек төбө чачты тургузган фактылар жайылып кетээри калетсиз. Аны убагы келгенде чубайлы, макулбу?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: