Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кайнатасы менен кайненесин балталап, оор жарадар кылып качып кеткен күйөө бала кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, ал Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринде жашынып жаткан жеринен кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Кызыл-Кыя шаарында кайнатасынын үйүндө убактылуу жашап жүргөн 26 жаштагы күйөө баласы пикир келишпестиктен улам мас абалында кайнатасы менен кайненесин балта менен чаап денелерине оор залал келтирип, качып кеткен.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ