Menu

Москвада 34 жаштагы кыргызстандык аял ымыркайын түн ичинде көчөгө коляскасы менен таштап кеткен

Бөлүшүү:

Москвада кыргыз жараны ымыркайды түн ичинде коляска менен көчөгө таштап кеткен.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 5-августуна караган түнү Студент көчөсүндөгү турак үйдүн кире беришинен өтүп бараткандар жаш баланын коляскасын табышкан. Алар дароо укук коргоо органдарына билдиришти.

Белгиленгендей, бала медициналык мекемеге жаткырылып, ал жерде дарыгерлер тарабынан текшерүүдөн өткөн. “Анын ден-соолугуна эч нерсе коркунуч келтирбейт”, – деп айтылат билдирүүдөн.

Кийинчерээк ымыркайдын энеси анын мындай аракетинин себебин түшүндүргөн. Кыргызстандык 34 жаштагы аялдын айтымында, “бул кокустан болгон”.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги айтылууда. Сентябрь айында ал бир жашка чыгат.

Аталган факты боюнча, жашы жете электердин укуктарынын сакталышына жана ата-энелик милдеттеринин аткарылышына баа берилүүчү текшерүү уюштурулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: