Menu

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев 66 жашында карылар үйүндө дүйнө салды

Бөлүшүү:

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев Ысык-Ата районундагы карылар үйүндө көз жумду.

Нижне-Серафимск үй-интернатынын директору Бакыт Жунушевдин айтымында, актер 10-июль күнү 66 жаш курагында дүйнө салды.

“К. Назаралиев бизге 3 жыл мурун келген. Мурда жатаканада жашачу экен. Балдары менен сүйлөшчү эмес. Жакшы киши болчу. Артист инсульттан соң паралич алган. Бир жума мурун баласына чалып атасынын абалы оорлоп жатканын айткам, ал келип кеткен. Сөөгүн баласы Таласка алып кетти” -деди ал.

К. Назаралиев 1951-жылы Кара-Буура районунун Кара-Суу айылында туулган. Апасы эрте кайтыш болгон. Ал көптөгөн кинолордо жана спектаклдерде роль жараткан. Москвада өткөн кыргыз маданиятынын декадасында ойногон ролу үчүн ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган. Нарын облустук театрында  10 жылдан ашык эмгектенип, СССР таркаган соң Бишкекке үй бүлөөсү менен көчүп келген.

Ал “Достор” , “Президент жана бомж” аттуу кинолордо роль ойногон. Актер эки уул жана бир кыздын атасы, улуу баласы каза болгон.

turmush.kg  сайтынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: