Ички интригалардан арыла албаган парламент өзүнөн өзү тарап кетсе эң сонун болмок. Булар улуттун кызыкчылыгынан да өз кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон адамдар экени айдан ачык көрүнүп турат. Учурда Жогорку Кеңештеги депутаттар ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, бөлүнүп-жарынуу башталды. Көпчүлүк коалицияны кулатууну көздөгөн топтор пайда болду. Анын себеби, Сапар Исаковду өкмөттөн шыпырып түшүү.
Бул жагдайдын артында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков турат деп айтышууда. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы парламенттеги көпчүлүк коалиция бузулгандан көрө парламенттин толугу менен тарап кетишин көздөшүүдө. Бирок, эшектин тушагын да чече албаган чөнтөк парламент тарап кетсе жакшы болмок эле. Азыркы депутаттардан кыргыз элине пайда жок болуп калды.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ