Menu

Төрөбай Зулпукаров, депутат: Бир класста 25тен ашык окуучу болсо, окутуунун сапаты начарлайт

Бөлүшүү:

– Төрөбай мырза, сиз билим берүү, мектептердин курулушу боюнча көп маселе көтөрүп жүрөсүз. Бүгүнкү күндө мектептердеги эң чоң көйгөй кайсы деп ойлойуз?

– Бишкек, Ош шаарларында, кээ бир чоң райондордун борборлорундагы мектептерде окуучулар үч мөөнөттөн окушат. Ар бир класста отуздан кыркка чейин окуучу бар. Мисалы, Ноокат районундагы Крупская атындагы 600 оруңдуу мектепте 2800 окуучу окуйт. 800 орундуу Худжанов мектебинде 3000ден ашуун бала окуйт. Бишкек шаарындагы №70, №13, №6 мектептерде да ошондой эле акыбал. Ошон үчүн биз билим берүү жана илим министрлигин «анализ жүргүзгүлө» деп жатабыз. Ички миграция бар да, элдин бир бөлүгү Ошко, Бишкекке көчүп кетишкен. Кээ бир айылдарга барсаң 1200 орундуу мектептерде 400 окуучу окуп жаткан учурлар бар. Ошон үчүн калк көп жашаган аймактарга, өзгөчө Ош менен Бишкекке көңүл буруу керек. Азыр борборубуздагы кайсы гана мектепке барбайлы, балдарды жайгаштыруу чоң проблема. Бир кяасста 25тен ашык окуучу болсо, Окутуунун сапаты начарлайт.

– Акыркы жылдары мектептер аябай эле көп курулуп жаткансыйт. Анда эмне үчүн маселе чечилбей жатат?

– Калктын саны өсүп жатат да. Мектептер дайыма курулуп турушу керек. Илгери СССРдин учурунда эле бизде мектептер жетишчү эмес. Биз эгемендик алгандан бери акыркы жети-сегиз жылда эле мектептер курула баштады. Ага чейин курулуш токтоп калган бир учур болгон.

– Кандай деп ойлойсуз, жеке менчик мекептердин курулушу көйгөйдү чече алабы?

– 2014-жылы биз мыйзам жазып, ал күчүнө кирген. Ага ылайык, жеке менчик балдар бакчасынан салыктын төрт түрүн алып салганбыз. Бул жеке ишкерлерге стимул болуп, мекчик балдар бакчасын куруу 20 пайызга көбөйгөн. Мурда 14 пайыз болсо, азыр 37 пайызга жакындап калды. Салыктын жогорудагы төрт түрү мектептерден да алынган. Эгер мамлекет жер маселесин камсыздап, жеке менчик мектептер да курула баштачу болсо, маселе чечилип, атаандаштык да пайда болот эле.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: