Баткен облусунуни Кадамжай районунда кутурган карышкыр адамдарга кол салган. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан такташты.
Маалыматка караганда окуя 23-октябрда эртең мененки малды айдап чыгуу убагында болгон. Карышкыр кол салып, беш адамды тиштеген. Алар ошол эле күнү ооруканага кайрылышкан, андан соң алар Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик борборунун хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Жабыркагандар антибактериалдык вакцина алышкан. Азыркы учурда алар дарыланууну улантышууда, абалы канааттандырарлык.
Кол салган карышкыр өлтүрүлгөн, анын башы Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиялык бөлүмүнө жөнөтүлүп, ал кутургуга чалдыкканы тастыкталган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ