Кыргызстандын башкы прокурору Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурунку төрагасы Э.Дга КРнын Кылмыш жаза кодексинин “Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу”, “Атайлап туура эмес соттук чечим чыгаруу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
2016-жылдын август айында сот Кытай жаранынын иши боюнча мыйзамсыз түрдө сыртынан чечим чыгарган. Анда Кытай жаранынын акча өндүрүү боюнча доо арызын канааттандырып, иш башка дата менен катталган.
“Кытайдын жараанына мурун кылмыш иши козголгон, ал издөөдө жүргөн. Сот иштин бардык жагдайларын изилдебей туруп, ишти арыздануучунун пайдасына чечип береген.
Кылмыш иши УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү”-деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ