Menu

Атамбаевди Москвага Ак үй учурганы чындыкпы?

Бөлүшүү:

Айтылуу “шоопур” Икрам Илмияновдун колуна кишен салынып, Россиядан бул жакка алынып келинип, териштирүү иштери аяктагыча абакта жата турган чечим чыккан соң, шефи Алмазбек Атамбаев Москвага сапар тарткан. Ал киши Россияга учканын уккандар “Атамбаев качты… Өлкөдөн чыгып кетти… Качырбай камаш керек болчу… Тигил жакта жатып алып арам ишти көздөйт” дегендер чыкты. Мындай сөздөргө КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын “Азаттыкка” билдирди. Ал “Атамбаев качып кетти” деген пикирлёрди четке кагып “Келет же келбейт” деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет” деген.

Ишенген адамы бул жакта камалып жатса Атамбаевге Москвага барып саясий партиялардын жыйынына катышуу негизги иш беле? Өзү барууну чечтиби же абал аны мажбурладыбы? Бул дагы табышмактардын бири. Атамбаев Москвадагы саясий партиялардын конференциясына барууну чечкен күндө дагы аны Кремль кандай максатта тандады? Алар КСДПга кандай критерий менен ставка койду? Себеби, буга чейин КСДП бул конференцияга чакырылган эмес. 2016-жылы ушул эле жыйын Малайзияда өткөндө “Өнүгүү” партиясынын атынан Алмаз Матисаков менен Асел Куламбаева барып катышып келишкен. Бул жакта “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан кулачын жайып баратпайбы. Муну Кремль билбей калды десек осол болобуз да. Мүмкүн, алар Атамбаевди чакырып, бизден колдоо күтпөй эле кой деген акыркы ишааратын берет чыгаар.

Атамбаевдин шопуру камалгандан кийин эле Москвага учарын уккан активисттердин арасынан “Экс-президентти эч жакка учурбайбыз. Ал өлкөдөн бир кадам дагы чыкпашы керек. Аэропорттон чыкканга тыюу салдырабыз” дегендер чыгышкан. Аларга Ак Үйдөн “Атамбаевге Москвага учканга өзүбүз уруксат бердик. Ызы-чуунун кереги жок. Бул кайда бармак эле? Ал жакта өзүнүн азыркы деңгээлин көрүп келсин. Тоскоолдук жаратпай тургулачы” деп сурангандар болгонуда чындык. Мына ошентип экс-ажо Атамбаев Москвага учту.

Кечээ 25-октябрда Москва шаарында “Азиядагы саясий партиялардын Эл аралык X генералдык Ассамблеясынын конференциясынын ачылышы болуп, өз ишин баштады. Атамбаев президент болуп турган кезинде орустарды “старший брат” деп, Путин жакын досу болорун айтып мактанчу эмес беле. Бул конференцияда дагы Атамбаевди мурунку өлкө башчысы катары президиумга олтургузабы же жокпу? -деп күтүлүп аткан. Жок, орустар бул жолу Атамбаевди мурунку өлкө башчысы катары кадырлуу конок кылган жок. Президиумга дагы олтургузбады. Ал тургай алдыңкы катардан орун берилбеди. Экинчи катарга жайгаштырышты. Муну менен Москва Атамбаевге кандай мамиле жасаарын көрсөттү.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: