Menu

Абдыкалык Рустамов качан жазасын алат?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин деректири Абдыкалык Рустамовдун кыңыр иштери боюнча маалыматтар көптөн бери ЖМК беттеринде жарыяланып, соцтармактарда байма-бай жазылып келе жатканы маалым. Көзгө сайып көргөзуп жатса дагы өзу «дың» дей элек. Жакында юрист Сатина Айдар (Satina Aidar) «Фергана» агенттигине да бир нече далилдүү аргументтерди келтирди. Сөздү ошондон баштайлы.

Аталган маалымат агенттиги Россиядан келген медициналык багыттагы козу карындарды Кыргызстандын документтери менен Кытайга сатканы боюнча иликтөө жүргузүп, мыйзамсыз иштерди казып чыгыптыр. Фактыда көрсөтүлгөндөй, биздин өлкөдөн Кытайга 4 миллион килограмм козу карын экспорттолуп, сыртка чыгарылган. Турмуш чындыгында мынчалык көлөмдү Кыргызстандан жыйноо мүмкүн эмес эле. Көрсө, сырттан келген козу карынды Рустамовдун кол алдындагы кызматкерлер жасалма документтер менен Кытайга өткөрүп, ири коррупциялык кадамдарга барганын маалымат агенттиги так далилдер менен жарыялады.

Аталган мыйзам бузуу боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов 2018-жылдын 7-июнунда алгачкылардан болуп парламенттен көтөрүп: «Токой чарба агенттигине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «лицензиялык-уруксат берүүчү ишмердикти аткарууда кызматтык абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча тез арада кылмыш иши козголсун» деген. Ошол жыйында спикер Дастан Жумабеков фракция лидерине кайрылып, документтерди күч органдарына берүүсун өтүнүп, маселени иликтөө тапшырмасы Генералдык прокуратурага жүктөгөн. 11-июнда жасалма документтердин фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бирок ошол бойдон тынчыпкетти.

Бышыктай кетсек, бул «Лесхоздогу» коррупциянын бир эле чети. Дегенибиз, козу карын чатагы чыгардан алдын Жогорку Кеңештин эки депутаты Улукбек Ормонов менен Алмазбек Токторов коррупция менен реалдуу күрөштү күчөтүү мезгили жеткенин билдирип, ишти Токой чарбасынын жетекчилиги Рустамовдон башташ керектигин баса белгилешкен. Эл өкүлдөрүнүн мындай билдирүүлөрү Токой чарба агенттигинин жемкорлукка болуп көрбөгөндөй батып калганын тастыктайт десек жаңылышпайбыз. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт легендей жөн жерден парламент трибунасында жаңырып жаткан жери жок.

Дегенибиз өткөн жылы, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда, т.а. 1017-жылдын 18-июлундагы кыйында «Лесхоздогу» системалуу коррупция боюнча катуу :өз болуп, акыркы 2,5 жылдын аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинде 44 коррупциялык иш катталып, мамлекетке 150 миллион сом зыян келтирилгени аныкталганы айтылган. Факты жарыяланганда Өкмөт башчысы С.Жээнбеков агынан жарылып, Токой чарба агенттигине, айрыкча мергенчилик жаатында коомдун ишеними жоктугун айтып, бул ведомствонун ичиндеги коррупцияга Каршы күрөштүн жетишсиздигинен болуп жатканын билдирген. Бирок андан бери жылыш болбоду. Жазасыз аңчылык уланып, Кызыл Китепке кирген жапайы жаныбарлар дале атылып жатат.

Токой чарбасындагы мыйзам бузуулар жакынкы жылдарда экологиялык өтө чоң катастрофаларды алып келерин экологдор менен укук коргоочулар да какшап айтып жатат. Маселен, активист Влад Ушаков «Sputnik.kg» агенттигине: «Токой чарбасында коррупцияга баткан чиновниктер көп, алар токойду коргобостон, тескерисинче талкалоодо» десе, белгилүү эколог Динара Кутманова 2016-жылдагы мыйзамсыз карагай кыйгандарга карата козголгон 500 кылмыш иштин 5% аягына чейин араң жетип, 5 миллион сом айып салынганы менен казнага болгону 100 миң сом гана өндүрүлгөнүн айтып чыкты. Башка сумма кагаз бетинде калыптыр. Бул да агенттиктин «үзүрлүү» ишинин жемиши десек болот.

2015-жылы конкурстан эки компания, «Фортуна-Трэвел» жана «Окчонтой» ЖЧКлары утканы ММКдан кабарланган. Компания жетекчинин бир туугандарына таандык экени айтылат. Анан да комиссиянын башкы мүчөсү катары Абдыкалык Рустамов өзү жана айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн начальниги Өмүрбек Мусаканов катышкан. Бул накта мыйзам бузуу болуп эсептелет. Кыңыр иш Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жашоочуларынын нааразылыгынан улам ачыкка чыгып, «өз» фирмаларына миңдеген гектар жерди бергени аныкталды. Айтсак, Ысык-Көлдөгү «Фортуна-Трэвел» ЖЧКсына 75 миң гектар, Нарындагы «Окчонтой» ЖЧКсына 73 миң гектар чегерилген. Мындан сырткары, Рустамов өзү сүрөгөн «Арстан» ЖЧКсы, Конкурстук комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Мусаканов сүрөгөн «Бетеге», «CentralAsianSafariClub» жана «Чатыр-Таш» ЖЧКлары жеңген.

Кылмыштарга келсек, Абдыкалык жетектеген агенттиктин кызматкерлерине каршы «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик каражатты кымыруу» беренелери боюнча 72 кылмыш иши козголгон. Булардын үчөөсүнө назар чаптырып көрсөк, Генералдык прокуратура жаныбарларды атууга мыйзамсыз уруксат берүү боюнча 2015-жылы 19-июнда иш козгогон. Агенттик тоо эчкиси, каман, түлкү, коен, фазан, өрдөк ж.б. жандыктарды атууга 62 лицензияны мыйзамсыз берген. Жеке ырахат үчүн бир канча жаныбар жок кылынганы менен мамлекетке болгону 37 сом түшкөн. Факты боюнча иш козголуп, 2016-жылдын 4-октябрында ИИМге берилген, бир ай өтпөй иш токтогон. Генералдык прокуратура 2017-жылы ишти кайра жандандырып УКМКга тапшырган.

«Фортуна-Трэвел» жана «Окчонтой» ЖЧКларына мыйзамсыз лицензия берүү боюнча ИИМ чогулткан материалдардын негизинде Генералдык прокуратура 304 берененин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде 2015-жылдын 26-июнунда кылмыш ишин козгогон. Бул да баягыдай белгилүү жол менен 2016-жылдын 4-ноябрында кыскарган. Генералдык прокуратура 2017-жылы 11 -ноябрда кайра жандандырып УКМКга тапшырган. Үчүнчүсү, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы аңчылык боюнча мыйзамсыз өткөрүлгөн тендер боюнча 2015-жылы 19-ноябрда иш козголгон. 2016-жылы 19-ноябрда тергөө токтогон. Үстүбүздөгүжылы кайра жанданып, УКМКга жөнөтүлгөн.

Көрүп турганыңыздардай иштер кайра жанданган, бирок жабык органга өткөрүлүп, тергөөнүн жыйынтыгы белгисиз бойдон калып кетти. Кызыгы, «Лесхоздун» УКМКга өткөрүлгөн иштери эмне себептен кулак мурун кескендей жымжырттыкка сүңгүп кетишинин жөнөкөй түшүндүмөсү бар экен. Дегенибиз, козголгон бардык иштин эң башка фигуранты болгон Өмүрбек Мусакановдун карачечекей бир тууганы Нурбек Мусаканов УКМКда чоң кызматты чүлүктөп, тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жатат. Ушундай жагдайдан улам УКМКга кирген иштин баары жиги билинбей жоголууда. Азырынча буга эч ким кызыга элек.

Баса, Мусакановдун УКМКдагы бир тууганы оппозициялык депутаттарга жалаа жапкан баягы чыр-чатактуу «Белизгейт» чуусундааты чыгып, шойкомдуу жигит экени билинген. Тактап айтканда, Нурбек Мусаканов Белизге барып, жасалма документтерди алып келди деп айтылган. Атамбаевдин «коррупцияланышкан» бийлиги менен тыгыз иштешип, алардын мыйзамсыз тапшырмаларын аткарып жүргөн адамдан жакшылык күтүүгө болобу? Кантсе да, ал иш жакынкы күндөрү тергелип, Мусакановго окшогон кадрлар таразаланат деген ишеним чоң. Себеби, жаңы жетекчи Белизден документ келбегенин айткан. Айтор, Мусаканов кетмейинче Токой чарбасындагы мандемдүү иштераягыначыгарынаишеним болбой калды.

2017-жылы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн жыйында Рустамов кызматтан шыпырыларына аз жерден калып, сөгүш алып кутулган. Ошондон бери сөгүш менен өмүрүн өткөрүп, бирок мыйзамсыз ишин улантып келе жатат. 2018-жылы 7-мартта премьер-министр Сапар Исаков, 2018-жылдын 4-июнунда Мухан Абылгазиев сөгүш берди, бирок кызматынан айдалган жок. Тагыраак айтканда, «Лезхоздогу» коррупцияга бардыгы көз жумушууда. Бүт иштери кылмыш менен коштолгон Атамбаевдин кадрын жаш баладай бапестөөнүн кандай кажети бар эле? Мыйзамсыздыкты көзү менен көргөн Өкмөт башчы эмненин негизинде сентябрда кызматына кайра бекитти деген суроо жоопсуз турат.

Кыскасы, коррупция менен күрөш башталганы менен жемкор кадрлар жылмышып майлуу-сүттүү кызматтардан кетпей жатат. Башкасын айтпаган күндө да Рустамов декларациясында көрсөткөн жеке өзүнүн 64 гектар жери качан иликтенери белгисиз. Муну кандай жолдор менен качан алганы табышмак бойдон турат. Бизде алакандай жерге жетпей зар какшап жүргөндөр миң сан экенин ойлогондо Абдыкалыктын 64 гектар жерди ээлеп алганы таң калтырат, Айтор, көп иштин башын ачып, чоң фактыларды чукуп бердик. Өткөндө президент Сооронбай Шарипович: «Коррупционерлерди атынан атагыла!» деген эле. Мына, атын дагы бир ирет атадык. Эми жыйынтык чыгышы керек.

Сатина Айдардын фактыларынын негизинде материалды кыргызчалап иштеп чыккан Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: