“Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай темир жолунун багыттары жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок чечим толугу менен кабыл алынды деп тараптар келишимге кол койгондон кийин гана айта алабыз” – деди, КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Коммерсант” гезитине интервью берип жатып.
Анын айтымында бул долбоорго өзгөчө мамиле көрсөтүлүүдө. Жол Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүн Европа менен Түштүк-Чыгыш Азияны бириктирет. Долбоорго Орусия дагы катышат.
“Биз жалпысынан транспорттук жана логистикалык борборлор боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Бул ар бир өлкөнүн экономикалык абалына дагы оң таасирин тийгизет. Жакынкы арада бардык тараптардан макулдук алынып долбоор башталат деп үмүттөнөм. Жолдун салынышын ким каржылайт деген суроонун үстүндө дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” – деди, Чыңгыз Айдарбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ