Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан “Жашыл экономика” боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу алкагында аталган мамлекеттин аймагында жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаровго мекендештердин жашоо-шарттары тууралуу маалымат берилди, андан соң көйгөйлүү маселелерге тийиштүү маектешүү орун алды.
Вице-премьер-министр бардык сунуштарды угуп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Башкы консулчулугунун иши боюнча мекендештердин пикири менен таанышты.
Жалпысынан иш-чарага Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында убактылуу жашап жаткан 60 жакын мекендештерибиз катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ