Menu

Ахмат, сен Атамбаевден эмес Жээнбековдон үлгү ал

Бөлүшүү:

Ахматбек Келдибеков доо арыз менен сотко кайрылып, Аслан Сартбаевге штраф салдырды, 2 миллион сом. Бул доо арыздын ээсин байгеге жеткирбейт, шайын кетирет. Гезиттин редакторун сотко берүү жакшы жорук эмес. Ахматбек «мен ага бир айттым, эки айттым, такыр түшүнбөй койду, айлам кеткенде ушинтип сазайын колуна карматтым» деп сырын төктү. Эми ошол «сазай» бумеранг сыяктуу чимирилип келип, өзүнүн эле башына тийет. «Пиррова победа» дейт мындайды. Аслан чорт мүнөзүнө ылайык иш кылды, бирок, Келдибековдун мүлкүнө жана колуктусуна колун салган жок, эмнеге мынча ызаланды дейсиң да. Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн доо арызга себеп болгон нерсени карап чыгалы.

Биринчиден, «фотоколлаж» дегенди гезиттин биринчи бетине бастырды (мындайды только биринчи бетке басышат). Сүрөттө Келдибеков полкада жатат, жанында М.Абылгазиев (азыркы премьер-министр) анын далысын шыпыргы менен чаап жатат. Мончодон алынган сүрөт, экөө тең жылаңач, ал кезде жаткан неме салык инспекциясынын жетекчиси, чапкан неме кол алдында иштеген кызматкери. Нормальный көрүнүш, керсейген шефти ушунтип тейлешет. Абылгазиев чычалабады, баракелде, көркөм чыгармага түшүнөт экен (фотоколлаж – бул мончодон берилген репортаж эмес, бул тамаша). Ал эми беркиниси эмнеге чычалады, «жок далымды премьер-министрге чаптырып койду, кокуй» деп жүрөгү оозуна тыгылдыбы? Далысын мочалка менен ушинтип жышып берсе, кылмыш болуп калабы? Абылгазиев премьер болбосо, мындай коллаж да болмок эмес, бул жанрдан өзөгү контраст берүүдө – мына, мурунку «спикерди» азырюы «премьер» кандай сонун тейлеп жатат. Ушута сыймыктанбай, коркуп кетти окшойт, болбосо эмнеге туталанды? Дагы бир нерсе себеп болду. Аслан гезитине кичинекей эле бир нерсени тиркеди – «генерал Конгантиев той берип жаткан жерде Келдибеков «милициянын эмки министри Д. Абдыкаров болот деди» деген эле маалымат. Ушуга «жок, мен андайды айткан эмесмин» деп чычалады. Ооба, муну редактор өзүнүн адатына салып, «кошумчалап» койсо керек, бирок, бул деле кылмыш эмес. Анан Абдыкаровдун «каарынан» көлөкө түшүргүдөй ал ким экен, болсо болуп калар, кадр саясытына ким таңгалат эле, шопур менен катчылар деле Акүйдүн алтынчы кабатына чыгышты го. Глупо! Ушундай «глупосторду» доо арызга кантип киргизди, ушундайды сот кантип кабыл алды, «жок, аке, мунуңуз болмайды» дегенге жарабадыбы?

Ооба, журналисттер «иногда» айлаңды кетирет. Бугачейинда мен ушундай «арачылоого» катышкам. Шайлообек Дүйшеев (эл акыны) Нургазы Анаркуловго («Майдандын» редактору) таарынып, «сени, шүмшүк, эми сотко берем» деп талпынган. Нургазынын «тентектиги» бир күлкүлүү сөздү «Учурга» (Аслан ошол гезиттин редактору болчу) чыгарып койгонунда эле -«Шайлообек Дүйшеев тескери сийип салды» деген сүйлөм. Муну Нургазы жазган эмес (стилин билебиз), Аслан анын макаласына акырын «кошуп койгон» экен. Ушундай «привычкасы» бар экенин милициянын генералы Мелис Турганбаев да жакшы билет. Менин макалама да мышыктай болуп «кошумча» кылып салган – эркек мүнөздүү генералга арналган сөзгө «катын кыялдуу» деп кошуп жиберген. Генералдын пресс-секретары Бакыт Сеитов телефон чалып, «сиз муну жазган жоксуз да, мындай нерсе сизден кантип чыкмак эле?» деп таңгалды. «Ооба, атаңдын гана оозун урайын!» деп Асландын гезитине тактоо киргизип жарыяладым, ким кимге эмне дегенин бөлүштүрүп, редактордун «кылыгын» четке кактым. Иш сотко берилген жок. Асландын ушундай бир «ит жоругу» бар, туруп туруп  эле жөн жерден «үркүп» жиберет. «Көнгөн адат калбайт» дечи, бирок, мунун колун кесип салмак белек, катуу-катуу чаап койсок жетиштүү болот. Башка жагынан «компенсация» кылып жатпайбы, – кыргыз тилиндеги алдыңкы гезиттерди улам-улам чыгарып келатат го. Бул элди кызыктырган гезиттер.

Шайлообек жанагы сөздүн автору Нургазы экен деп, аны сотко берем деди. Ортого түштүм, Нургазыга кайрылдым, «ал ардактуу акын тескери сийсе, эмнеге жанына туруп алып колуңду тососуң, анан кокусунан сага чачырап кетсе, эмнеге колуңдуу жууп, «байке, болыне так не делай» дегенге жарабадың?» деп жаздым. Нургазы мыкты жигит эмеспи, ошондо эркекче мамиле кылды – «жок, бул сөз меники эмес» деп актанбады, мага да сырын билгизбеди, «арачага түшүп бериңиз» деп мага Аслан кайрылды. Ошондо таңгалып, «макаланы Нургазы жазса, сен эмнеге кыйналып жатасың?» деп сурагам. Кыңк-мыңк деп чындыкты айтпай койгон. Жанагы сөздү ким жазганын мына азыр билип атам, Нургазы эр экен, эң туура кылды, накта журналист «булактын» чыккан жерин эч кимге айтпайт, анан макаланын астында өзүнүн аты жазылып турса, анака-мынака дегени «мылжыңцын» аракети болуп калмак да. «Менин колума ал анткен эмес» демек беле, ошол жөнүндө репортаж жазылып калса. Молодец! Сотко доо арыз түшкөн жок (калемгер калемгерге штраф салса бизди Кудай урат эле). Шайлообек мага телефон чалып, «катырыпсың» деп бир эле сөз айтты. Мыкты акын мыкты адам экенин, айкөл экенин аныктады.

Келдибеков менен Асландын окуясынын формасы башкача, экөөнүн кесиби башка, биринин колуна бири «чачыратпайт», бирок, мазмун бирдей эле – сөзгө ыза болуп, сөздү кууган бул чычалоонун чыйыры. Сөздү бир гана сөз менен кууш керек, сот менен эмес. Сөз сотко багынбайт. Ахматбек сөз менен жооп берсе болот эле, калем кармаганды билет, мээси толук, кудурети кудайга шүгүр. Эмнеге мынча «чөктү»? Алмазбек Атамбаевдин «үлгүсүнө» умтулса, ал жакшы үлгү эмес, мындайды славяндар «дурной пример» деп аташат.

Аслан сени чучугуна чейин чыркыратса, сен деле анын «чучугун» чукубайт белең, колуңан келбесе калемгер үкаларыңдын жардамы менен жооп жазып, Сартбаевди сагызгандай кылып сыздатсаң болот эле да. Неге антпедиң, неге алкымдуу ажолордун жолуна түштүң, бул мажирөө иш экенин сезген жоксуңбу? «Ошол 2 миллион сомду жетим балдар үйүнө которуп берем» деп элге жарыялаганың жарым тыйынга татыбайт, андай эле боорукер болсоң, өзүңдүн акчаңан бербейсиңби? Журналисттен өндүргөн акча жетим балдарга аш болбойт, ошол акча сенин колуңа тиери да «под вопрос». Асландын кабат-кабат үйлөрү жок, гаражда тизилип турган машинелери жок, «мага жардам бергиле, мен ушул «ахмактан» кутулайын» деп элге кайрылбайт. Антпейт, «мен түрмөдөн да сынбайм» деген жообу даяр. Өпкөсү чоң, көкүрөгүнө батпайт, анан мактанчак неме дечи, бирок сынбайт, журналисттик кесип бул жигитке дем берет, ушул тармактын жоокери, өлгөнчө күрөшөт. Дакан короз.

Калемгерди сөзсүз түрдө сага «жертва» кылыш керекпи? «Жестокость» дегениңди токтотуп, кыргыздын айкөлдүк ыкмасына ыктап, «ачууңду бизге бер» деп сага кайрылган аксакалдарды четке какпа да. Айта турган ачуу сөздөрүң болсо мага айт, бугунду чыгар, интервью кылып каалаган гезитиңе каалаган тилде бастырып берейин. Күчөтүп, курчутуп, Асланды башынан аягына чейин шыбап, моокумуңду кандырайын. Бирок, сен доо арызыңды кайтарып ал. «Извините, обстоятельства изменились» деп сотко айт, ал деле түура түшүнөт, себеби, бул жерде мамлекетке зыян жок, коррупция эмес.

Бул жерде сага президент Сооронбай Жээнбековдун мисалы үлгү болсун, ал Асланга окшогон тапан калемгерге (Кабай Карабековго) берген доо арызын жокко чыгарган. Учурунда Өмүрбек Текебаев да Аслан менен соттошуп, аягында акылын жыйып, жакшы келишимге келген. Пример должен быть всегда замечательным, а не «заразительным». Ушуну эсиңе салайын дедим, Ахматбек иним.

Жообунду күтүп, сенин көк-бет эместигиңе ишенип, калемгер агаң Кубан Мамбеталиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: