Menu

Чырмаш Төрөбеков, КР эмгек сиңирген артисти: Компьютердик ырчылар алыс узабайт

Бөлүшүү:

Кандай гана ырдоо жанры болбосун мыкты ырдап кете алган Чырмаш Төрөбековдун талантына баракелде дейсиң. Өзгөчө анча-мынча ырчылар ырдай албай турган операда обон созсо жан дуйнөң кадимкидей эс алат. Башка ырчылардай компьютерден унүн жасатып албай дайыма жандуу ырдаган Чырмаш Төрөбековду бугун кепке тарттык.

—Чырмаш мырза, бүгүн билимсиз ырчылар төргө чыгып кетти. Бул сизди түйшөлтсө керек?

—Билимсиз ырчылардын сахнаны ээлеп алганын көрүп аргасыз баш чайкоого туура келет. Азыркылар дароо эле жылдыз болгусу келишет. «Ырчы болот элем, сабак алам» деп келгендерге Мукаш Абдраевге же жок дегенде искусство окуу жайына тапшырып оку десем «жок мен бир айда элге дүң деп чыгышым керек» деп күйгүзүшөт. Билим алып, нота эмне экенин билип коюшса өздөрүнө деле жакшы, алган наамдарын, той топурда тапкан акчаларын актап жешет эле.

—Өзүнүздүн канча жылдык билимиңиз бар?

—Жалпысынан 9 жыл окудум. Опера жана балет театрынын алдындагы училищеден 2 жыл билим алдым. Андан кийин консерваторияда билим алып анан ырчылыкка кадам таштадым. Билимдүү ырчы менен билимсиз ырчынын келечегинин айрымасы чоң болот. Компьютердин жардамы менен ырчы болуу узакка созулбайт деп айтсам ашыкча кетпейм. Алардын ырларынын сөздөрүн уксан андан бетер заарканасың. Эл деле ырчы деген, ыр деген такыр башкача оолчу эле деп айта башташты. Кээ бир жакшылыктарда ошол ырчыларды «кел балам ырдап койчу» дешсе ырдай албай уят оолушат. Үн дегенди багып, бапестеп талантым бар деп асмандабай эл менен болуш керек.

—«Сүйүү деген оюнчук эмес» деген сыяктуу саптар ырдала баштады?

—Ыр деле оюнчук эмес. Элдин музыкалык табитин талкалап атышат. Кыргыздын канында Манасы бар, улуу инсандардын ырларын укканбыз. Азыр эми тойго ырдалган жеңил ырларды карап олтуруп уккан кулакка ишенбейсиң. Анысына мейли деп олтурсак кечээ бирөө жергиликтүү радиолордун бирине барып алып «мен композитор катары ыр жазганда»-дейт. Композитор болуш үчүн кандай эмгек керек экенин билишпейт окшойт.

—Эски ырдардын жаңыланып ырдадышы купулуңузга толобу?

—Азыркы ырчылардын эски ретро ырларды ырдап жатышына таптакыр каршы эмесмин. Эски ырды жаңы кылып ырдап чыкканы го чыгат, бирок обонун такыр бузуп салып атышат. Көрүп атпайсыңарбы, жада калса тексттери дагы бурмаланып кетүүдө. Ар бирибиз ырлардын сөзүнө, обонуна, элдин талабына жараша ырдасак. 5 тойго чакырып койсо өзүн Эл артисти сезгендердин маегин көрүп аргасыз жылмайып коём.

—Маданият тармагына жаш бала министр болуп келди, ишти алып кете адабы?

—Бейиши болгур мурдагы министрибиз Султан Жумагулов абдан калыс киши эле. Ал иштеп турганда маданият тармагы бир аз жандангандай болгон. Ажал экен айла жок алып кетти. Деги эле Султан байке быйылкы сыйлыктарды калыс берип кетти деп ойлойм. Жумушта муну дагы көпкө чейин сөз кылдык. Быйылкы наам алгандардын баардыгы калыс болду, албай жүргөндөр алды, ызы-чуу деле болгон жокпуз, Кудайга шүгүр. Эми Азамат Жаманкуловду депутаттар кечээ жакшы эле эки жагын карап анан дайындап берди деп ойлойм. Президент деле маданиятты билбесе ал баланы бизге министр кылмак эмес. Жаш эмеспи иштесин, билбегенин үйрөнөт, такшалат, кагылат согулат. Өзү деле ошол системада иштеп жүрбөдү беле. Бизге калыс болсо болду.

—Эл арасында сиздин ырларды сизден да мыкты ырдагандар барбы?

—Элдин арасындагы таланттарды көргөндө айрым ырчыларды ырдабай эле койсо дейсиң. Эгерде маданият министрлиги шарт түзүп берсе биз айыл-айылдарды кыдырып, атайын таланты бар ырчыларды ырдатып көрүп сахнага чыгармакпыз. Жок дегенде ырдайм деп жүргөн балдарга жол көрсөтүп келет элек. Эми менин ырларым көбүнчө опера жанрын да эмеспи. Андыктан көпчүлүгү ырдай алышпайт. Бирок мен ырдап жүргөндөй ырдап койгон ырчылар бар.

—Өзүнүздүн уул-кызыңыз ырдайбы?

—Улуу кызымды ырчы кылууга аябай аракет жасадык. Көрсө кызыгып калаар деп пианино, скрипка сатып келип убара болдук. Таптакыр эле кызыкпайт экен, карап да койгон жок. Мектепти бүтүп жатканда «ата, мен медицина тармагынан адис болгум келет» дегенинен баламдын каалоосуна каршы чыккан жокмун. Буйруса 6-курска келип калды. Уулумдун музыкага шыгы күч, өзү эле үйрөнуп флейтада ойнойт. Мендей болуп мектепти бүтүп келип анан ырдап калбасын, өкүнбөсүн деп Мукаш Абдраев атындагы мектепке бердим. Буйруса кийинчерээк үнү ачылып калса ырдап кетээр.

—Өзүңүздүн окуучуларыңыздан мыкты ырчы боло алат дегендер барбы?

—Бар, мен окуткан балдардын алды жакшы ырчы болуп, байгелүү орундарды алып келе жатышат. Ал эми Щубин атындагы окуу жайда окуп жаткан балдар үнүн таптап, мыкты окуса сөзсүз таланттары таш жарган ырчы болушат.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: