Башкы прокуратура 2 миллион 259 миң 084 сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Башкы прокуратура жалпысынан 30-октябрга карата мамлекетке 134 миллион 872 миң 168 сом которгон. Бул акчалар кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча мамлкетке келтирилген зыяндарды кайтаруунун эсебинен чогулган.
Эске салсак, 22-июнда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ