Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчисинин кызматына дайындады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз катчылыгы маалымдады.
Айта кетсек, буга чейин Самара Каримова “Сулайман-Тоо” музейинин жетекчиси болуп дайындалган, бирок бир күндөн соң кызматтан өз каалаоосу менен кетүү боюнча арыз жазган.
Самара Каримова Кыргызстанда алгачкы болуп Инстаграм социалдык тармагында миллион катталуучусу бар колдонуучу болгон, андан сырткары ал “Маданияттын мыкты кызматкери” жана “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамдарынын ээси.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ