Талас облусунун Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 29-октябрь күнү саат 18:51 чамасында Бакыян айылындагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн. Айтылган дарекке барган куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Маркумдун аты-жөнү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ