“Мигранттарыбыз канчан пенсия ала баштайт”? Мындай пикирин бүгүн 31-0ктябрда “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азиз Турсунбаев билдирди.
“Көптөгөн жарандарыбыз чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт. Өкмөттөр аралык келишим түзүлүп, мигрант жарандарыбызды пенсия менен камсыздоо тууралуу сөз болгон эле. Бул иш аягына чыктыбы? Мигранттарыбыз качан пенсия алып баштайт”,- деди эл өкүлү.
Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов мигранттардын маселеси каралып жатканын белгиледи.
“Учурда мигранттардын маселеси боюнча иш алпарып жатабыз. Түркия менен келишим түзүлдү. Россия менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат, жакында аягына чыгат буйруса”,-деди Нурдинов.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ