Menu

Бажы кызматы чоң өзгөрүүгө муктаж

Бөлүшүү:

Акыркы убактарда аты даңазалуу «Раиммиллион» бир кезде кызматынан ажыраткан бажычылар жандана башташты. Бажы кызматында жакынкы арада боло турган өзгөрүүлөр туурасында шыбыш кептер жүрүүдө.

Раим Матраимовду азырынча расмий түрдө кызматына кайтарыла элек болсо да (райондук соттун бул боюнча чечимин Бишкек шаардык соту тастыкташы керек), кабардар адамдардын айтымында мындай жагдай «Раиммиллионго» Мамлекеттик бажы , кызматын көзөмөлдөөгө түк тоскоолдук жаратпайт. Алтургай, ар кайсы бажы постторундагы смена начальниктерине чейин аны менен макулдашып (Эркечтамдагы бажыда анын тууганы начальник болуп отурат) дайындап жатышканын айтышууда. Бирок кырдаал жакында өзгөрөт деп жатышат. Анткени Бажы кызматынын төрагасы Замир Оңолбеков пенсияга кетүү туурасында арыз жазган. Жаш курагы 50гө келе элек болсо да бажы органдарында 1993-жылдан бери иштеп келаткан Оңолбеков пенсияга керек болгон 18 жылдык стажысын эчак эле толтуруп койгон. Иштегенине жарым жыл толбой жатып, кетем дегенине эмне себеп болду экен? Муну болжолдоого гана болот.

Биринчиден, аны Раимдин куратор болгону кубандырбай жатышы ыктымал. Бара-бара мойну менен жоопкерчилик тартууга туура келе турган анчалык жагымдуу эмес коррупциялык түзүмдөр ачыкталышы мүмкүн. Экинчиден, бажы кызматы планын аткара албай жатат (бул жерде бир эле кеп, же көмүскө чийимдер же пландын аткарылышы, айтор, экөөнүн бири гана). Кулматов бажыдан жазында кетип жатканда бажы төлөмдөрү боюнча планды 1,5 миллиард сомго ашыгы менен аткарып кеткен. Апрелден тарта бул сумма ылдыйлай баштаган (Кулматов адамдарын кууп чыкканга каары кайнаган Раим өзү менен байланышкан транспорттук компанияларга Кытайдан товарды Кыргызстан аркылуу эмес, казактын Хоргосу аркылуу ташууга буйрук берген дешет). Бирок жалпысынан алганда кырдаал дурус эле болчу. Бирок 9 айдын жыйынтыгы боюнча бажычылар минуска кирип кетип, так 1,5 миллиард сомду чогулта албай калышкан! Алар тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын төлөмдөрдү бир нече ай мурда төгүп койсоңор деп сурануу менен гана эптеп абалдан чыгышууда.

Бирок бул түбөлүк улана бербейт эмеспи. Эмки жылдын көрсөткүчтөрү кандай болот? Ошондуктан суроолор жарала электе МБКнын төрагасы кызматын таштаи качканга ыңгайлуу учур келип турбайбы.

Бажы кызматынын жетекчилиги жакын арада эле алмашат дешүүдө, ал жакка Жээнбековдордун кланы менен Раими жок эле түз иштеше турган күчтүү талапкер келет деп жатышат. “Раиммиллионго” болсо Жээнбековдун шайлоо кампаниясына кетирген чыгымын “чыгарып” алууга гана жол берип туруп, анан акырын гана жем акырдан четтетишет. Жээнбековдордун 2020 -жылдагы парламенттик шайлоосуна жана башка иштерине каражаттарды жаңы, башка адам алып келе баштайт. Раим кууп чыккан бажычылардын кайтып келгенге куштарлыгы мына ушундан. Бирок Раим киргизген бажы чийимдери ансыз деле иштей берерин жашоо -турмуш көрсөтпөдүбү. Демек, МБЖнын планын толтуруу да мурдагыдай эле оор боло бермекчи.

Мурат Мусакеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: