Тарыхый документтердин негизинде Ноокен районуна 83 жыл толуп атканын далилдер менен аныктап атышса, өкмөттүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 90 жылдыгын өткөрүп салды. Бул боюнча жергиликтүү эл, атургай Жогорку Кеңештин депутаттарынан бери нааразы болушту. А эмнеге мамлекеттик деңгээлдеги катачылык кетирип атса, мыйзамдуу алкакта губернатор жооп бербейт? Дал ушул «Көкөтөйдүн ашынан» улам Кыянбекке жалпы тургундардын нааразычылыгы угулду. Карапайым адамдар ар кандай маселелер менен жумуш ордуна облус башчысын издеп барышса, деги эле таба алышпаганы, бирок, тойлордо каалоо айтып, төрдөн түшпөгөнү кыжырды келтирип атыптыр. Буга чейин Жалал-Абадда социалдык көйгөйлөр менен кылмьшпуулук курчуса да натыйжалуу чаралар көрүлбөй келет. Анан капса, бул эргулдун артынан жума сайын ар кандай чуулгандар чыга берип, коомчулук да иренжип бүтмөй болду. 7-канал көрсөткөндөй, жергиликгүү тургундар «Сатыбалдиев, сыйың менен кетип кал!» деп кыйкырып атышат. Быйыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылы болуп атса, кейпибиз бул! Айтор, бийликтин кадырын кетирип бүттү. А эмне үчүн жогорку жетекчилер баа бербейт? Дал ушундай жетекчилердин айынан кадр саясатынын жүзү көрүнүп атпайбы…
Тайлак Назымов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ