Бишкекте 3 унааны катарынан сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен Лексус унаасы жана анын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабаралады.
Маалыматка караганда, бүгүн 1-ноябрда саат 10:20 чамасында Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 470» унаасы Toyota RAV4, Daihatsu жана Hyundai унааларын сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бактыга жараша кырсыктан жабаркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ