Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп
“Менде баары жакшы. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым, мен сынбаймын. Өнөр адамы катары музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун. Тобокелге салып, демөөрчү тартып, долбоор жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун ою бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле. Мейли, насип деген нерсе бар. Менден башка жакшы адам келип оңдоор, үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү.
Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим. Мен деген оңой адам эмес экенмин. Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен. Кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтарым, кучактап отурган креслодон кетериңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен элдин жүрөгүндө болсом керек. Мага жата калып бут тоскондор, мен силерге капа эмесмин.
Көп сөз бар эле, бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче. Бир айтам, бирок кайтпаймын. Өзүмдүн оюм менен жашаймын деген”, – деген Самара Каримова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ