Бүгүн, 30-октябрда Сүймөнкул Чокморовдун музейинде “Сүймөнкул Чокморов” аттуу үч (кыргыз, орус, англис) тилде китептин бет ачары болуп өттү.
Төрт жолу «Эң мыкты эркек актёр» наамын алган атактуу актер Сүймөнкул Чокморовдун көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак экен. Өзү жок болсо да эмгеги менен аркы айда эскерилгени турат. Тагырагы, 17-ноябрда – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет. Дал ошол күнү жаңы айкели да тургузулат. Буга чейин Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын өмүрлүк жары Салима Шабазованын элесине арналган “Эсимде” аттуу көргөзмөсү актердун баласы Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен 15-октябрда ачылган. 10-ноябрга чейин көргөзмө уланууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ