Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалымат боюнча, муну менен окуучулар 8 күн эс алышат.
Эске салсак, былтыркы окуу жылында күзгү каникулдар 1-ноябрда башталып 9-ноябрда аяктаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ